Трамп Макрон Тынчтык кеңешине кошулуудан баш тартканы үчүн француз шараптарына 200% бажы алымын киргизээрин айтты
АКШ президенти Дональд Трамп Франциянын президенти Эмманюэль Макронду коркутуп, Франциядан импорттолгон вино жана шампанга 200 пайыздык бажы төлөмдөрдү киргизерин айтты.
Мындай билдирүүнү америкалык лидер журналисттер Макрон Газа сектору боюнча түзүлгөн Тынчтык кеңешине кошулуу сунушун четке кагышы мүмкүн экенин айткан соң жасаганын Bloomberg агенттиги кабарлады.
«Ал эч кимге керек эмес, анткени жакында эле өз кызматынан кетет. Мен анын [француз] виносуна жана шампанына 200 пайыздык пошлина киргизем, ошондо ал [Тынчтык кеңешине] кошулат», — деди Трамп журналисттерге.
Мындан тышкары, Трамп өзүнүн социалдык тармагында Макрондон келген жеке билдирүүнү да жарыялады.
Франциянын президенти бул катта Трамптын Гренландия боюнча жасап жаткан аракеттерин түшүнбөй жатканын билдирип, Давосто бир нече жолугушуу жана жеке кечки тамак уюштурууну сунуштайт.
Макрон бул жолугушууларга Украина менен Орусияны да чакырууга даяр экенин жазган.
Катта мындай деп айтылат:
«Досум,
Биз Сирия боюнча толук макулбуз. Иран боюнча чоң иштерди жасай алабыз. Сенин Гренландия менен эмне кылып жатканыңды түшүнбөй жатам.
Кел, чоң иштерди жасоого аракет кылалы:
1. Мен Давостан кийин бейшемби күнү түштөн кийин Парижде G7 жолугушуусун уюштура алам. Ага украиндерди, даниялыктарды, сириялыктарды жана орустарды — кошумча форматта — чакыра алам.
2. Бейшемби күнү, АКШга кайтаардан мурда, Парижде чогуу кечки тамактаналы».
Макрон Трамптын Тынчтык кеңешине кошулуу чакыруусун кабыл алууну көздөбөй жатканын 19-январда Bloomberg өз булагына таянып билдирген. Агенттиктин маалыматына караганда, Франциянын президенти жаңы уюмдун уставы алгач пландалгандай Газа секторунун маселелери менен гана чектелбестен, андан да кеңири экенин туура эмес деп эсептейт.
Макрондун мындай чечими тууралуу президентке жакын булакка таянып Le Monde басылмасы да кабарлаган.
Дональд Трамп Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн 16-январда жарыялаган. Ошол эле күнү ал уюмдун аткаруучу комитетин тааныштырган. Анын курамына АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, атайын өкүл Стив Уиткофф, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр кирген.
Уюмдун уставына ылайык, алгач кеңеш Газа секторундагы кырдаалды жөнгө салууга көңүл бурат, андан соң башка куралдуу жаңжалдарга өтөт.
Bloomberg жазгандай, АКШ администрациясы Тынчтык кеңешинде туруктуу орун алууну каалаган өлкөлөрдөн кеминде 1 миллиард доллар салым кошууну талап кылууда. Устав долбоорунда кеңештин биринчи төрагасы Дональд Трамп болору көрсөтүлгөн. Ал уюмга кимди кабыл алуу же кабыл албоо маселесин өзү чечет.
Ошондой эле АКШ президенти көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечимдерди жактырууга же четке кагууга укуктуу болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



