Аравандын жаңы акими жамаатка тааныштырылды

Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Эркимбаев Данияр Жантаевич Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалган.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басмасөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 4-март күнү Араван райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына жана администрациянын кызматкерлерине жаңы дыйындалган акимди Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тааныштырып, мындан аркы ишиңе ийгилик каалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз