ИИМ Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайы делген Азаматованын окуясын териштирип баштады

Threads социалдык тармагындагы колдонуучу Асел Азаматова өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайы экенин айтып, депутаттан көп жылдар бою зордук-зомбулук көргөнүн билдирди.

Анын айтымында, алар 2016-жылы баш кошушкан. Алгач үй-бүлөдө майда чыр-чатактар болуп жүргөнү менен, эки жылдан кийин Сулайманов аны уруп-сабай баштаган. Асел Азаматова 2022-жылы кош бойлуу кезинде катуу сабалганын, ошол учурда соттук-медициналык экспертиза “мээ чайкалган” деген тыянак чыгарганын жазган.

Бул маалымат боюнча комментарий алуу максатында “Азаттык” радиосу Элдар Сулаймановго бир нече жолу байланышууга аракет кылган. Бирок азырынча депутат менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Редакция анын да пикирин берүүгө даяр экенин билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын маалымдады.

Анын айтымында, арыз ээси менен жолугуп, окуянын бардык жагдайлары такталат. Ошондой эле буга чейин кайсы органдарга, кандай арыздар жазылганы текшерилет. Учурда тергөө иштери уланууда.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан депутат болуп шайланган. Ал мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу.

Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштаган Сулайманов кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында жана Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, ошол эле жылы парламенттик шайлоодо аталган партия аркылуу Жогорку Кеңешке келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз