УКМК Кара-Суу РИИБ менен Араван РИИБдин тергөөчүлөрүн кармады
Ош облусунда милиция кызматкерлеринин опузалап талап кылуусуна шектелгендер кармалды
УКМКнын басма сөз кызматы 26-январда Ош облусунда милиция кызматкерлерине карата опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармоо жүргүзүлгөнүн билдирди.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Нариман айылдык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. жергиликтүү тургундан 3 миң АКШ долларын талап кылган. Аталган жаранга карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон иш боюнча тергөөчүнүн колунда 2024-жылы башталган текшерүүнүн негизинде чыгарылган баш тартуу материалы болгон.
Бул иште ортомчу катары Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н.С. катышканы аныкталган.
УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери эки милиция кызматкерин 1 миң 600 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармашкан. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



