Франция тарабынан издөөгө алынган чет элдик адам Кыргызстанга кирип жатканда кармалды
«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстанга кирүүгө аракет кылып жаткан учурда чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу 28-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Тергөө версиясына ылайык, 1988-жылы туулган С.В. аттуу жаран Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн. Ал чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз кирүүсүнө жана өлкө аймагында мыйзамсыз жүрүүсүнө көмөктөшкөн, жасалма документтерди колдонгон, алдамчылыкка барган, ошондой эле Франциянын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыштуу топко катышкан деген шек менен издөөдө болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



