Трамп Путин апта бою суукка байланыштуу Киевге сокку урбоого макул болгон билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинден катуу суукка байланыштуу бир жума бою Киевди жана Украинанын башка шаарларын аткылабоону жеке өзү суранганын билдирди. Бул тууралуу Rapid Response 47 маалымдады.

Трамп 29-январда АКШ президентинин администрациясынын өкүлдөрү менен өткөн жыйында Украинада аба ырайы өтө катаал болуп жатканын белгиледи.

«Ал жакта жөн эле суук эмес, өзгөчө катуу суук болуп жатат, рекорддук деңгээлде. Бул абдан чоң маселе — начар аба ырайы. Алардын айтымында, мындай суукту мурда эч качан көрүшкөн эмес», — деди Трамп.

Анын айтымында, Владимир Путин Киевди жана Украинанын башка шаарларын бир жума бою аткылоону токтотууга макул болгон.

«Дагы белгилеп коюучу жагдай, бул ал тараптан(Путин тараптан - ред.) абдан сылык кадам болду», — деди АКШ президенти. Бирок ал мындай макулдашуу кайсы учурда жетишилгенин тактаган жок.

Жыйында Трамп Орусия менен Украинанын жаңжалды жөнгө салууда олуттуу прогресске жетишкенин, учурда аймактар боюнча келишим талкууланып жатканын да айтты.

Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер билдиргендей, Украинадагы расмий өкүлдөр Орусиянын соккуларды токтотууга макул болгону тууралуу маалыматты Трамптын билдирүүсүнөн гана билишкен. Москвадан расмий сигнал болгон эмес жана «ок атышууну токтотуу чындап күчүнө киргенине азырынча ишеним жок».

Financial Times жазгандай, өткөн дем алыш күндөрү Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШ менен Украина энергетика объектилерине сокку урбоо боюнча убактылуу ок атышууну токтотуу идеясын биринчи жолу талкуулашкан. Басылманын булактарынын айтымында, АКШ бул кадамды тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында чыңалууну азайтууга жана «ак ниет чара» катары сунуштаган.

«Эгер алар кандайдыр бир, атүгүл убактылуу болсо да, элдешүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даяр болсо, сүйлөшүүгө баруу керек. Биз муну каалайбыз», — деди FT басылмасына украиналык жогорку даражалуу чиновник.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин Кремлден расмий комментарийлер айтыла элек. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский Х социалдык тармагында АКШ президентине ыраазычылык билдирди.

«Президент Трамптын кыштын катуу суугунда Киевге жана Украинанын башка шаарларына Орусиянын соккуларынан коопсуздук берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маанилүү билдирүүсү болуп саналат. Энергетика — жашоонун негизи, жана биз өнөктөштөрүбүздүн адам өмүрүн коргоого багытталган аракеттерин жогору баалайбыз. Рахмат, президент Трамп! Бул маселе боюнча Эмираттарда командалар сүйлөшкөн. Макулдашуулар аткарыларына ишенебиз. Чыңалууну азайтуучу кадамдар согушту чыныгы аяктоого жакындатат», — деп жазды Зеленский.

Кийинчерээк Трамп  Владимир Путинге кайрылуусунан кийин Украинаны аткылоону убактылуу токтотконун билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдөгү Овал кабинетинде өткөн иш-чарада айтты.

«Бул өтө катуу суук аба ырайына байланыштуу Орусия бир топ убакыттан бери Украинага сокку урбай жатат», — деди Трамп.

Белгилей кетсек, январь айында Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын энергетикалык объектилерине чабуул жасаган. Натыйжада көптөгөн шаарларда, анын ичинде Киевде да, тургундар электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калышкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз