Бишкекте Биринчи май районунун «күч түзүмдөрүнүн» кызматкери мас абалда унаа айдап, жол кайгуул кызматкерлерине экинчи жолу кармалды
Бишкекте Биринчи май районунун «күч түзүмдөрүнүн» кызматкери мас абалда унаа айдап, жол кайгуул кызматкерлерине экинчи жолу кармалды.
«Мыйзам баарына бирдей», — деп билдирди 2-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз кызматынын инспектору Надырбек Жусупов. Ал эки айдын ичинде мас абалда унаа айдап, экинчи жолу патрулдук милиция кызматкерлерине кармалган айдоочу боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, алгачкы факт 2025-жылдын 21-ноябрында катталган. Түнкү саат үчтөр чамасында УПСМ кызматкерлери «Тойота Авалон» унаасын токтотушкан. Унааны Б.У.Т. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал өзүн Первомай районундагы күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырган. Айдоочудан мас абалда унаа башкарып жатканына шек саналып, наркологиялык текшерүү бул шекти тастыктаган.
Жоопкерчиликтен качууга аракет кылганына карабастан, ага карата протокол түзүлүп, материалдар Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бирок 9-декабрда сот бул жаранды күнөөсүз деп таап, мас абалда унаа айдоо боюнча актаган.
Ал эми 31-январда аталган жаран ушундай эле мыйзам бузуу менен кайрадан кармалган. Наркологиялык текшерүү айдоочунун мас абалда экенин дагы бир жолу көрсөткөн. Ага карата кайрадан КРдин КЖКнын 193-беренеси («Мас абалда унаа башкаруу, мас абалдагы же унаа башкарууга укугу жок адамга унааны берүү») боюнча протокол түзүлгөн.
«Бул учурга өзгөчө көңүл буруп, аталган айдоочу жазасыз калбашы үчүн мыйзамдуу жана негиздүү чараларды көрүүнү каалайбыз. Кайсы кызматты ээлебесин, макамы кандай болбосун, ар бир мыйзам бузган адам мыйзам алдында жооп бериши керек», — деди патрулдук кызматкер Жусупов.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



