Кыргызстандык кыздар Ярыгин кубогунан канча тапты?
Кыргызстандын спортчулары Орусияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште канча байге утуп алганы белгилүү болду.
Иван Ярыгин атындагы Кубок–2026 мелдеши 29-январдан 1-февралга чейин Красноярск шаарында өттү.
Кыргызстандын курама командасынын курамында 15 спортчу күч сынашты. Алардын ичинен экөө байгелүү орундарды камсыз кылышты.
62 кг салмак категориясында Дильназ Сазанова 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду. Ал эми 72 кг салмакта Нурзат Нуртаева 3-орунду багындырып, коло медаль утту.
Мелдештин жобосуна ылайык, байгелүү орун алган спортчулар төмөнкүдөй акчалай сыйлыктарды алышты:
-1-орун — 250 миң рубль;
-2-орун — 100 миң рубль;
-3-орун — 50 миң рубль.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



