Азия Кубогу: Өзбекстан плей-оффко чыкты, Тажикстан мелдештен четтеди
Индонезияда өтүп жаткан футзал боюнча Азия Кубогунун тайпалык баскычы жыйынтыкталды.
Турнир 27-январда Жакарта шаарында 16 команданын катышуусу менен башталган.
1-февралда тайпалык этаптын акыркы оюндар өттү.
Өзбекстандын курама командасы үчүнчү турда Япония менен беттешип, эсепти ачканына карабай жыйынтыгында утулуп калды. Тажикстан Австралия менен тең чыгып, 2 упай топтоп, мелдештен четтетилди.
Чейрек финалдык оюндар 3-февралда өтөт.
Кыргызстандын курама командасы А тайпасында Индонезия, Ирак жана Корея менен бирге ойноп, 3-орунду ээлеп, плей-офф баскычына чыга алган жок.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




