Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалды
2025-жылдын 2-марты күнү Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран белгисиз адам тарабынан денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканада каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, изи сууй электе кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган Т.Ж. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
«Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө 2025-жылдын 2-марты күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран белгисиз адам тарабынан денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканада каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, изи сууй электе кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган Т.Ж. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.