АКШнын президентинин атайын чабарманы Кыргызстанга карата виза саясатынын катаалдашканы тууралуу комментарий берди
АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор Кыргызстанга карата визалык саясаттын катаалдашышына комментарий берди.
Гордун айтымында, АКШнын акыркы убактардагы визалык саясаты Борбор Азиядагы кайсы бир конкреттүү өлкөгө каршы багытталган эмес.
Мисалы, акыркы демилгелер дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнө карата колдонулган.
«Бул, албетте, мыйзамсыз миграцияга байланыштуу — биз көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Коопсуздукту жогорулатуу үчүн визалык саясатты кайра карап чыгууга мажбур болуп жатабыз. АКШнын визалык саясаты биздин кызыкчылыктар үчүн гана эмес. АКШнын максаты — өз чек араларын коргоо», — деди ал 4-февралда B5+1 бизнес-форумунун алкагындагы маалымат жыйынында.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



