Интерпол тарабынан изделип жаткан кыргыз жараны АКШда кармалды, - ИИМ

АКШда Интерпол аркылуу изделип жүргөн Кыргызстандын жараны кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ы.М. аттуу жаран 2023-жылдан бери Интерполдун «кызыл билдирүүсү» менен эл аралык издөөгө алынган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча айыпталып келген.

ИИМдин маалыматына ылайык, Ы.М. алдын ала сүйлөшүп алып, мунайзаттарын сатуу менен алектенген уюмдардын биринде жетекчи кызматты аркалаган А.Ч. аттуу жаран менен бирге мешке жагылуучу отунду мыйзамсыз ээлеп алган. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жалпысынан 1536,51 тонна отун уурдалып, мамлекетке 51 780 387 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Трансчегаралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк укук коргоо органдары менен туруктуу негизде кызматташып келет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз