Зеленский Украина Орусия менен болгон согушта канча жоокери каза болгонун айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский France 2 телеканалына берген маегинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн Орусия менен болгон жаңжалдагы жоготуулары 55 миң адамдан ашканын билдирди.

«Украинада расмий маалымат боюнча согуш талаасында 55 миң аскер кызматкери каза болду. Алардын арасында контракттык да, мобилизация аркылуу чакырылгандар да бар. Мындан тышкары, Украина дайынсыз жоголду деп эсептеген көп сандагы адамдар бар», — деди Зеленский 4-февралда.

Бир жыл мурда, 2025-жылдын февралында Зеленский каза болгондордун санын 46 миң деп атаган.

Ал ошондой эле согуш аракеттерин токтотуу Украина үчүн башкы артыкчылык экенин айтып, жигердүү дипломатиялык аракеттердин жана сүйлөшүүлөрдүн аркасында тынчтыкка жакынкы бир жыл ичинде жетүүгө үмүт артарын белгиледи.

Зеленский дипломатиялык жол капитуляцияны же Орусиянын ультиматумдарын кабыл алууну билдирбей турганын баса көрсөттү. Анын айтымында, Москванын Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасстын бардык аймагынан чыгып кетиши керек деген талабы — «кызыл сызык».

Президент белгилегендей, фронт сызыгын азыркы позицияларында «тоңдуруп коюу» да Украина тарап үчүн «абдан чоң жеңилдик» болмок, бирок ал мамлекеттин көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн диалогго даяр экенин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз