Роберт Просинечки Кыргызстан курама командасына талапкерлерди карап жатат
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки курамага талапкерлерди байкоодо.
Хорват адиси учурда Түркиянын Анталья шаарында болуп, Кыргызстандын чемпионатынын Жогорку лигасындагы клубдардын окуу-машыгуу жыйындарын көзөмөлдөп жатат.
4-февралда Просинечки Кыргызстандын «Алга» клубу менен Орусиянын «Енисей» командасынын ортосунда өткөн жолдоштук беттешке күбө болду. Оюн 2:1 эсебинде кыргызстандык клубдун пайдасына жыйынтыкталды.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, адистин максаты — март айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында өтө турган окуу-машыгуу жыйынына чакырылышы мүмкүн болгон талапкерлерди тандоо.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



