АКШда кыргызстандык жаран өлүм коштолгон жол кырсыгына байланыштуу кармалды
АКШнын Иммиграция жана бажы көзөмөл кызматы (ICE) жол кырсыгынан кийин Кыргызстандын жаранын кармаганын билдирди. Бул кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгон. Маалымат ICE’тин расмий сайтында жарыяланган.
Кызматтын маалыматына ылайык, 1995-жылы туулган Б.Б. АКШга CBP One тиркемеси аркылуу мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алган.
Жол кырсыгы 3-февралда болжол менен саат 16:00 чамасында болгон. Кыргыз жараны жүк ташуучу унааны айдап бара жатып, Индиана штатындагы State Route 67 трассасында алдында жайлаган жүк унаасына убагында тормоз бербей калган. Натыйжада каршы тилкеге чыгып кетип, ичинде 15ке чейин жүргүнчүсү бар кичи автобус менен маңдай-тескей сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза тапкан.
5-февралдын таңында ал камакка алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



