Бусурман Жумагул АКШда чемпиондук кур үчүн күрөшөт
Кыргызстандык спортчу Бусурман Жумагул (4-0) АКШда өтө турган турнирде чемпиондук кур үчүн беттешет.
Cage Fury Fighting Championships лигасынын кезектеги мелдеши — CFFC 150: Zhumagul vs. Morrison — 7-февралдын таңында АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында өтөт.
Турнирдин негизги беттешинде Бусурман Жумагул америкалык Дэниэл Моррисон (7-2) менен күч сынашат. Бул кармашта 77 кг салмак категориясындагы лигасынын бош турган чемпиондук титулу ойнотулат.
Бусурман Жумагул CFFC лигасында төрт беттеш өткөрүп, алардын баарында жеңишке жетишкен.
Турнирдин алдын ала карды Бишкек убактысы боюнча саат 6:00дө, ал эми негизги кармаштар 7:30да башталат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



