УКМК "Сейил" паркынын бир бөлүгү мыйзамсыз экенин аныктады. Шектүү кармалды

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагында жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталганын 9-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө версиясына ылайык, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары Бишкектин четиндеги «Сейил» парк аймагынан 1,01 гектар жер тилкесин Р.Э.Р. аттуу жаранга мыйзамсыз берип коюшкан.

Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматтын корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесин берүүдө мыйзам талаптарынын бир катар бузулуштарына жол берилген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча каттоого алынды. Н.А.К. аттуу шектүү кармалды.

Тергөө алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз