Кыргызстанда тамак-ашка кошулган бир катар биологиялык активдүү кошумчаларды колдонуу тууралуу эскертүү берилди

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти калктын ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу максатында бир катар биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) сатып алуудан жана колдонуудан убактылуу карманууну сунуштады.

Мекеменин 9-февралдагы маалыматына ылайык, бул БАДдар Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербейт: ТР ТС 021/2011 «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» жана ТР ТС 022/2011 «Тамак-аш азыктарынын маркировкасы жөнүндө».

Өнүмдөрдүн тизмеси:
    •    «BioTechUSAVITAMIN D3»
    •    «Витамин D3 2000 МЕ» (TM «NaturalSupp»)
    •    «Strimex Vitamin D3 + K2» (Strimex Sports Nutrition)
    •    «Витамин D3 2000 МЕ» (холекальциферол)
    •    «ULTRASUPPS Vitamin D3 & K2»
    •    «Шипучие таблетки. Мультивитамины + минералы»
    •    «Кальций + Витамин D3»
    •    «OstroVit Vitamin D3 + K2»
    •    «UESUPPS Ultra Energy Vitamin D3 2000 IU»
    •    «Комплекс для повышения тестостерона»
    •    «Витамин D3 2000 диспергируемый» (4FRESH Health)
    •    «Amino Energy (Амино Энерджи)»
    •    «Витамин D3 (холекальциферол) 2000 МЕ»
    •    «Железо (хелат) / Iron»
    •    «Vitamin D3 + K2»
    •    «Кальций Хелат»
    •    «Fjord / Фьорд норвежский крилевый жир»

Бул продукцияларды мурда колдонгон адамдарда жагымсыз терс таасирлер байкалса, медициналык жардамга кайрылуу сунушталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз