Окумуштуулар өнөкөт бөйрөк оорусу барлар эмне себептен жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам каза болорун аныкташты
Вирджиния университети жана Mount Sinai медициналык борборунун изилдөөчүлөрү өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптардын жарымынан көбү эмне себептен жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болорун түшүндүргөн механизмди аныкташты. Көрсө, жабыркаган бөйрөктөр жүрөккө уулуу таасир эткен затты бөлүп чыгарат экен. Изилдөөнүн жыйынтыктары Circulation аттуу илимий журналда жарыяланды.
Бул ачылыш дарыгерлерге коркунуч тобундагы бейтаптарды эртерээк аныктоого жана мындай адамдарда жүрөк жетишсиздигин дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга жардам бериши мүмкүн.
«Бөйрөк жана жүрөк оорулары көбүнчө билинбей өнүгөт, ошондуктан алар зыян келип калгандан кийин гана аныкталат. Биздин жыйынтыктар жүрөк жетишсиздигине кабылуу коркунучу жогору болгон бейтаптарды эрте стадиясында аныктоого жардам берет. Бул болсо дарылоону эртерээк баштоого жана жыйынтыктарды жакшыртууга шарт түзөт», — деди изилдөөнүн авторлорунун бири, Вирджиния университетинин Медицина мектебинин нефрология бөлүмүнүн дарыгери жана илимпозу Ута Эрдбрюггер.
Улуттук саламаттык сактоо институтунун маалыматына ылайык, өнөкөт бөйрөк оорусу АКШда ар бир жети адамдын биринде кездешет — бул болжол менен 35 миллион адамды түзөт. Кант диабети менен ооругандардын ар бир үчүнчүсүндө жана кан басымы жогору адамдардын ар бир бешинчисинде бөйрөк оорусу бар.
Өнөкөт бөйрөк оорусу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын ортосундагы байланыш илгертен бери белгилүү. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр ооруларынын оордугу түздөн-түз бөйрөк оорусунун деңгээлине байланыштуу. Бирок семирүү жана гипертония сыяктуу жалпы коркунуч факторлорунун болушу себеп-натыйжалык байланышты так аныктоону кыйындаткан.
Буга чейин окумуштуулар жүрөккө түздөн-түз уулуу таасир тийгизген, бөйрөккө гана тиешелүү конкреттүү факторду аныктай алышкан эмес. Жаңы изилдөө бул «күнөөлүүнү» тапты — алар жабыркаган бөйрөктөрдө пайда болгон айланма клеткадан тышкаркы везикулалар деп аталган бөлүкчөлөр экен.
Клеткадан тышкаркы везикулалар дээрлик бардык клеткалар тарабынан бөлүнүп чыгып, белокторду жана башка заттарды клеткалардын ортосунда ташыган маанилүү байланышчы кызматын аткарат. Бирок өнөкөт бөйрөк оорусунда пайда болгон мындай везикулалар жүрөккө уулуу таасир эткен, микроРНК деп аталган коддолбогон майда РНКларды алып жүрөт.
Лабораториялык чычкандарга жүргүзүлгөн тажрыйбаларда бул везикулалардын кан айлануудагы кыймылын бөгөттөө жүрөктүн иштешин кыйла жакшыртып, жүрөк жетишсиздигин жеңилдеткени аныкталган. Ошондой эле изилдөөчүлөр өнөкөт бөйрөк оорусу бар бейтаптардын жана соо адамдардын кан плазмасын салыштырып, зыяндуу везикулалар оорулуу адамдарда гана бар экенин тастыкташкан.
«Дарыгерлер ар дайым бөйрөк менен жүрөк сыяктуу органдар бири-бири менен кантип байланышарын ойлонуп келишкен. Биз бөйрөктөн чыккан везикулалар жүрөккө жетип, ага уулуу таасир тийгизерин көрсөттүк, — деди Эрдбрюггер. — Биз бул өз ара байланыштын табиятын түшүнүүнүн башталышында гана турабыз».
Изилдөөнүн жыйынтыктары өнөкөт бөйрөк оорусу бар, жүрөк ооруларына кабылуу коркунучу жогору бейтаптарды аныктоочу кан анализин иштеп чыгууга мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Ошондой эле бул везикулалардын жүрөккө тийгизген уулуу таасирин алдын алуу же дарылоо жолдорун табууга мүмкүнчүлүк ачат.
«Биз бөйрөк оорусу бар жана жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу жогору бейтаптар үчүн жаңы биомаркерлерди жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууну көздөп жатабыз, — деди изилдөөчү. — Потенциалдуу түрдө биздин ишибиз өнөкөт бөйрөк оорусу жана жүрөк жетишсиздиги бар бейтаптар үчүн персоналдаштырылган медицинаны жакшыртып, ар бир адамга өзүнө эң ылайыктуу дарылоону алууга жардам берет».
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



