Бекболот Талгарбековду ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына алып кетишти
Саясатчы Бекболот Талгарбековду ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына алып кетишти. Бул тууралуу 11-февралда «Сводка АКИpress» редакциясына анын уулу Арстанбек Талгарбеков билдирди.
Анын айтымында, болжол менен саат 9дар чамасында Талгарбеков-атасына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үч кызматкери тинтүү жүргүзүү үчүн келишкен.
«Алар эч нерсени түшүндүрүшкөн жок, эч кандай документ да көрсөтүшкөн жок. Бул кайрылууга байланыштуу. Белгилеп кетким келет, ал кайрылууда эч кандай чакырыктар болгон эмес. Атам Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясатын толук колдойт», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


