Ош шаарынын мэри Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишине байланыштуу комментарий берди
Бүгүн, 11-февралда Ош шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Көкүм-Бий бала бакчасынын ачылыш аземинде журналисттердин суроолоруна жооп берген Ош шаарынын мэри Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишине байланыштуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиев өзүнүн расмий билдирүүсүн жасаган жана президенттин чечимин сыйлай турганын айткан.
«Мен ал кишинин кадрымын, ал менин досум. Ташиев өз оюн билдирди, аны баарыңыздар билесиздер. Ал президенттин чечимине баш ийем деди. Алар нан тиштешкен, кант тиштешкен, куран кармашкан — ажырагыс достор. Бул эки адамдын жеке мамилеси, муну саясатташтырбаш керек. Садыр Нуркожоевич менен генерал Ташиев иш алып барган мезгилде өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болду.
Азыр айрым өзгөрүүлөр болуп жатат, аны убакыт көрсөтөт. Мен жеке оюмду гана айттым», — деди мэр.
Ошондой эле ал Камчыбек Ташиевдин ден соолугу тууралуу да маалымат берди. Анын жүрөгүнө мурда 5 стент коюлганын, алардын бири жылып кеткенин айткан. Ушуга байланыштуу Ташиев президенттен 15 күнгө Германияга барып, дарыланып келүүгө уруксат сураганы маалым болду.
«Мен президенттин чечимине макулмун. Эгер азыр кетесиң десе, арыз жазып кете берем», — деп кошумчалады ал.
Кечээ, 10-февраль күнү Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрага орун басары - УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


