УКМК улуттук коопсуздук органдарына ишенимди төмөндөтүүчү билдирүүлөрдөн карманып турууга чакырды
УКМКнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Башкы кол башчысына баш ийет. Бул тууралуу 12-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекемеде белгилешкендей, УКМК төрагасынын кызматтан кетишинин фонунда маалымат мейкиндигинде айрым кызыкдар тараптар улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракетин көрүп жатканы байкалууда.
«Таратылып жаткан билдирүүлөр жана алардын жоромолдору бир тараптуу мүнөзгө ээ болуп, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин алсыратууга багытталган», — деп эсептешет УКМКда.
Басма сөз кызматы улуттук коопсуздук органдары өз ишин Конституциянын жана мыйзамдардын алкагында жүргүзөрүн, «мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана коом алдындагы жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке аларын» эске салды.
«Мекеменин негизги артыкчылыктуу багыты — мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укук жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле чакырыктарга жана коркунучтарга, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга жана башка коркунучтарга каршы аракеттенүү.
Биз ар кандай суроолор жана күмөн саноолор укуктук талаада, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып каралышы керек деп ишенебиз. Далилсиз мамлекеттик түзүмдөрдүн аброюна доо кетирүүгө аракет кылуу бир гана мекемеге эмес, жалпы коомдогу ишеним деңгээлине да зыян келтирет», — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК коомчулук өкүлдөрүн, ЖМКларды жана жогорку кызматтагы айрым аткаминерлерди УКМКнын жеке курамына карата кескин сын-пикирлерден карманууга чакырды.
«Анткени алар өз кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен ак ниет аткарып жатышат. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу жана принципиалдуу улантылат», — деп ишендиришти басма сөз кызматында.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


