"Кат-75": Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду
Бишкек шаарынын Первомай райондук соту 12-февралда массалык башаламандыкты уюштурууга байланышкан иш боюнча кармалгандарды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 13-февралда Сводка АКИpress редакциясына райсоттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар 10-апрелге чейин СИЗО-1 мекемесине киргизилди:
• Курсан Асанов (1966-ж.т.), Ички иштер министринин мурдагы орун басары;
• Бекболот Талгарбеков (1955-ж.т.), «Элдик парламенттин» координатору, премьер-министрдин аппаратынын мурдагы жетекчиси;
• Аалы Карашев (1968-ж.т.), Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
• Эмилбек Узакбаев (1955-ж.т.), Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси;
• Курманбек Дыйканбаев (1960-ж.т.), президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-берене жана 278-берененин 1-бөлүгү («Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү») боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.
9-февралда социалдык тармактарда жана ЖМКларда президент Садыр Жапаровга жана ошол учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна 75 жаран кол койгон кайрылуу жолдонгону тууралуу маалымат тараган. Кайрылууда Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү айтылган. Ага илим өкүлдөрү, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгону белгиленген.
ИИМ бул кайрылуудагы айрым билдирүүлөр коомчулукта кеңири талкуу жаратып, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды курчутканын билдирген.
11-февралда Талгарбеков, Дыйканбаев жана Узакбаев кармалып, ошол эле күнү кийинчерээк Асанов менен Карашев да кармалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


