Соттор кеңешинин төрайымы жана орун басары шайланды

Кечээ, 6-мартта жаңы түзүлгөн Соттор кеңеши өзүнүн биринчи жыйынын өткөрүп, ачык добуш берүү жолу менен кеңештин төрайымын жана анын орун басарын үч жылдык мөөнөткө шайлады.
 
Аталган кеңештин төрайымы болуп Жогорку Соттун судьясы Аида Асанбековна Сейдакматова шайланды. Ал эми анын орун басары болуп Чүй облусунун Административдик сотунун төрагасы Таалайбек Кадралиевич Даркимбаев тандалды.
 
Буга чейин Сейдакматова Аида Асанбековна Сот адилеттиги боюнча кеңештин мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасынын "Сот адилеттиги боюнча кеңеш жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 13-пунктуна ылайык, ал XIII Съездде Соттор кеңешинин курамына шайлангандыгына байланыштуу Сот адилеттиги боюнча кеңештин мүчөлүгүнөн чыгарылды.
 
Соттор кеңеши өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылып, анын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алуучу орган болуп эсептелет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз