Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европанын чемпиону аталды
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Европа кубогунун этаптарынын биринде жеңүүчү болду.
Ачык Европа кубогунун бул этабы 14–15-февралда Словениянын Любляна шаарында өттү.
Шеров 90 кг салмак категориясында күч сынашты. Бул салмакта жалпысынан 48 спортчу катышкан. Кыргызстандык балбан биринчи номер менен катталып, мелдешти 1/16 финал баскычынан баштады.
Ал Бельгия, Литва жана Египет өлкөлөрүнүн спортчуларын катары менен утуп, финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн чечүүчү кармашта Шеров татамиге 2020-жылдагы жаштар арасындагы Европа чемпиону, Орусиялык Давид Карапетян менен чыкты.
Шеров атаандашын иппон ыкмасы менен жеңип, турнирдин чемпиону аталды.
Бул мелдеште ошондой эле Эрбол Абасбеков менен Ханболот Ырысбеков (экөө тең 66 кг салмакта) катышкан. Бирок алар байгелүү орундарга жете алышкан жок.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



