УКМК Свердлов РИИБдин кызматкерлерин кармады

17-февралда УКМКнын басма сөз кызматы документтерди жасалмалоого шектелген адамдар кармалганын билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү («Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышын жеңилдетүү максатында документтерди жасалмалоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын инспекторлору кармалды. Алар — кенже лейтенант А.у.К., лейтенант К.А.Т. жана капитан К.М.К.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына (ИВС СИЗО) киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз