Жеңишбек Токторбаевдин кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат төгүндөлдү
Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев боюнча социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди.
Буга чейин соцтармактын колдонуучулары Жеңишбек Токторбаевдин кызматтан алынганын жазышкан.
"Жарандарды такталбаган, жалган маалыматтардан алыс болуп, расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырабыз", - деди Болотбеков.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



