Жазгы каникулдар — болгону бир күн. Агартуу министрлиги себебин түшүндүрдү
Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы каникулуна эмне үчүн болгону бир гана иш күнү (жума) туура келерин түшүндүрдү.
Бул окуу жылында жазгы каникулдар 6-марттан 8-мартка чейин, башкача айтканда дем алыш күндөрүн кошкондо 3 календардык күнгө созулат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн бир окуу жылынын ичинде норматив боюнча 30 календардык эс алуу күнү каралган.
Мурунку окуу жылдарында мектептерде бир окуу жылынын алкагында үч эс алуу мезгили белгиленип келген. Тактап айтканда: күзгү каникулдар орто эсеп менен 9 календардык күн, кышкы каникулдар — 12 календардык күн, жазгы каникулдар — мыйзамдарда белгиленген иштебеген майрам күндөрүн эсепке албаганда 9 календардык күн болгон.
2026-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 4-июнунда кабыл алынган №111 жаңы Эмгек кодекси күчүнө кирди. Анын 66-беренеси боюнча эки узак мөөнөттүү иштебеген майрам күндөрү белгиленген: январь айында (1–6-январь) жана май айында (1–8-май).
Мындан тышкары, аталган Эмгек кодексине ылайык 7-январь, 5-май жана 9-май да иштебеген майрам күндөрү болуп эсептелет. Эгерде 10–11-январь жана/же 10–11-май күндөрү дем алышка туш келсе, анда кышкы каникулдардын жана май айындагы майрам күндөрүнүн жалпы узактыгы иш жүзүндө ар бири 12 календардык күнгө чейин жетиши мүмкүн.
Бул нормалар мектептик билим берүү системасында да колдонулат. Ушуга байланыштуу жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары жыл сайын каралган үч каникул мезгилинен (күзгү, кышкы жана жазгы) тышкары, май айындагы 1-майдан 10-майга чейинки иштебеген майрам күндөрүндө да окуу процессинен бошотулушу керек.
Ошентип, бир окуу жылында каралган 30 каникул күнүнүн ичинен 24 календардык күн иш жүзүндө январь айындагы кышкы каникулдарга жана май айындагы иштебеген майрам күндөрүнө туура келет.
Демек, калган 6 календардык каникул күнү күзгү (ноябрь) жана жазгы (март) каникулдарга бөлүштүрүлөт. Бул окуу графигин түзүүдө жана каникулдардын белгиленген узактыгын сактоодо тийиштүү эсепке алууну талап кылат.
Окуу жүктөмүн каникулдар ортосунда бир калыпта бөлүштүрүү максатында 2025–2026-окуу жылында күзгү каникулдар 2025-жылдын 5-ноябрынан 9-ноябрына чейин (дем алыштарды кошкондо 5 календардык күн), ал эми жазгы каникулдар 6-марттан 8-мартка чейин (дем алыштарды кошкондо 3 календардык күн) болуп белгиленген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



