Конституциялык сот: Садыр Жапаровдун биринчи президенттик мөөнөтү 6 жылга барабар
17-февралда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан киргизилген сунуштаманы карап чыкты. Сунуштамада Конституциянын 2021-жылдын 5-майындагы мыйзам редакциясындагы 67-беренесине, 68-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 72-берененин 1-бөлүгүнө расмий түшүндүрмө берүү өтүнүчү камтылган. Аталган нормалар 2010-жылкы Конституциянын тиешелүү жоболору жана 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жалпы элдик референдумда кабыл алынып, 2021-жылдын 5-майынан тартып күчүнө кирген «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамы менен өз ара системалуу байланышта каралды.
Конституциялык соттун жыйынтыктары
Конституция — бул, баарынан мурда, мамлекеттик бийликтин түзүлүшүн жана иштешин аныктаган уюштуруучу-укуктук негиз. Ал укуктук тартиптин биримдигин жана туруктуулугун камсыз кылууга тийиш. Ошол эле учурда Конституция коомдогу объективдүү өзгөрүүлөргө жооп бере алган «жандуу» документ катары бийликти уюштуруунун механизмдерин заман талабына ылайык жаңыртып турууга жөндөмдүү болушу зарыл.
Кыргызстандын эли — мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы катары — 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумдун жыйынтыгында жаңы Конституцияга уюштуруучулук легитимдүүлүк берип, мамлекеттик бийликти кайра түзүүнүн архитектурасын аныктаган.
Мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндө бир конституциялык моделден экинчисине өтүү — объективдүү жол берилген көрүнүш. Бирок мындай трансформация юридикалык жактан так жана мыйзам чегинде ишке ашырылышы шарт. Негизги маселе Конституциянын тексти канчалык өзгөргөнүндө эмес, бир укуктук моделден экинчисине өтүүнүн логикасы менен ыкмасында турат. Эгерде конституциялык өтүү укуктук аныктуулуктун бузулушу менен коштолсо, бул мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирип, укуктук карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан конституциялык багыт алмашкан учурда укуктук мураскерликти сактоо негизги милдет болуп саналат.
Өткөөл мезгилдин укуктук жактан так жөнгө салынышы өзгөчө мааниге ээ. Анткени дал ушул этапта конституциялык укуктук тартип жогорку деңгээлде алсыз абалда болот. Өткөөл жоболор конституциялык реформанын мезгилинде туруктуулукту камсыз кылган укуктук «стабилдештирүүчү» механизм катары кызмат кылат.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган жаңы конституциялык модель мамлекеттик бийликтин түзүмүн гана өзгөртпөстөн, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жана анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун укуктук режимине да таасир эткен.
2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтү беш жыл деп белгиленип, бир адам эки мөөнөттөн ашык президент боло албастыгы көрсөтүлгөн. Ал эми 2010-жылкы Конституциянын 61-беренесине ылайык, президент алты жылдык мөөнөткө шайланып, бир эле адам кайра шайланууга укуксуз болгон. Демек, мөөнөттүн узактыгы гана эмес, президенттик мандатты чектөөнүн укуктук ыкмасы да өзгөргөн.
Бул өзгөрүүлөр практикалык мааниге ээ, анткени жаңы Конституция күчүнө кирген учурда Президент Садыр Жапаров өз ыйгарым укуктарын аткарып жаткан. Ал 2010-жылкы Конституциянын негизинде 2021-жылдын 28-январында алты жылдык мөөнөткө шайланып, кызматка киришкен. 2021-жылдагы Конституция күчүнө киргенден кийин ал өз ыйгарым укуктарын жаңы конституциялык алкакта уланткан.
Конституциялык сот белгилегендей, шайлоо аркылуу алынган президенттик мандат — элдин түздөн-түз эркинин жыйынтыгы болуп саналат жана ал ант берүү менен юридикалык жактан толук калыптанат. Ушул учурдан тартып мандат эл берген баштапкы параметрлерде — мөөнөтү жана тартиби менен — милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
Конституциялык нормалардын убакыт аралыктагы колдонулушу (интертемпоралдуулук) принциби жаңы Конституция мурда түзүлгөн укуктук мамилелерге артка кайтарым күч менен кийлигишпөөгө тийиш экенин билдирет. Демек, 2021-жылдагы Конституциянын негизинде колдонулган беш жылдык мөөнөт 2010-жылдагы Конституциянын шарттарында башталган президенттик мандатка жайылтылбайт.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 2021-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган Президент ыйгарым укуктарын 2021-жылдагы Конституцияга ылайык улантат жана бул алты жылдык мөөнөт жаңы тартип боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет. Мында эсепке алуу мандаттын мөөнөтүн кыскартууну билдирбейт жана анын аяктоо датасын өзгөртүүгө негиз болбойт.
Ошентип, Конституциялык сот төмөнкүдөй тыянакка келди:
— 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде каралган беш жылдык мөөнөт 2010-жылкы Конституциянын шарттарында башталган президенттик мандатка колдонулбайт;
— учурдагы мандат алгач белгиленген алты жылдык мөөнөттө толук аяктоого тийиш;
— ошол эле учурда бул алты жылдык мөөнөт эки мөөнөттүк чектөөнүн алкагында биринчи мөөнөт катары эсептелет.
Конституциялык сот ошондой эле мөөнөт тууралуу коомдук талкуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүгө конституциялык негиз боло албай турганын белгиледи.
2021-жылдагы Конституциянын 72-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, президенттик ыйгарым укуктар төмөнкү негиздерде гана мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
— жеке арызынын негизинде отставкага кетүү;
— белгиленген тартипте кызматтан четтетүү;
— оорунун айынан ыйгарым укуктарын аткара албоо же каза болуу.
Бул тизме жабык болуп саналат жана аны кеңири чечмелөө Конституцияга каршы келет.
Мындай негиздер жок болгон шартта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес. Кийинки кезектеги президенттик шайлоо «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 10-главасына ылайык 2027-жылдын 24-январында — январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлүүгө тийиш. Шайлоону дайындоо чечими Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен, тактап айтканда 2026-жылдын 24-сентябрынан кеч эмес кабыл алынышы керек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


