"Талант" клубунун башкы машыктыруучусу улуттук курамды убактылуу жетектейт

Кыргыз футбол биримдиги Урмат Абдукаимов Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын убактылуу башкы машыктыруучусу болуп дайындалганын маалымдайт.

Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, бул чечим Кыргыз футбол биримдиги учурда улуттук команданын жаңы башкы машыктыруучусун тыгыз издеп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.
 
Буга чейин бул кызматты аркалаган Максим Лисицын башкы машыктыруучулук кызматтан кеткен.
 
Урмат Абдукаимов — АФКнын A, B жана C категориядагы лицензияларга ээ, тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курамада башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген, учурда Премьер-Лиганын «Талант» клубунун башкы машыктыруучусу болуп саналат жана FIFA Talent Development Scheme долбоорунун алкагында аналитик катары да иш алып барган.
Кыргыз футбол биримдиги Урмат Абдукаимовго ушул жооптуу мезгилде командага жетекчилик кылганына ыраазычылык билдирип, алдыдагы оюндарда ийгиликтерди каалайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз