Германиянын канцлери Путинден Украинага келтирилген зыян үчүн 500 миллиард евро талап кылды
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Римде өткөн Украина боюнча калыбына келтирүү конференциясынын алкагында сүйлөп жатып, Орусия толук масштабдагы согуш учурунда Украинага келтирилген зыянды толук түрдө төлөп берүүгө милдеттүү экенин билдирди. Германия өкмөтүнүн расмий сайты билдиргендей, Берлиндин эсебинде келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 500 миллиард еврону түзөт, деп жазат "CentralAsia".
«Орусия бул материалдык зыянды компенсациялоого тийиш. Бул иш болмоюнча, ал тоңдурулган активдерге жетишпеши керек жана жетише албайт», — деп баса белгиледи Мерц.
The Moscow Times жазгандай, жүздөгөн миллиард еврону түзгөн Орусиянын мамлекеттик активдери негизинен Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө жайгашкан жана азырынча тоңдурулган бойдон калат. Бул каражаттардан түшкөн кирешелер мурдагыдай эле Украинага берилген кредитти камсыздоого жумшалат, — деп кошумчалады канцлер.
Мерц ошондой эле Украинаны калыбына келтирүү процесси жеке сектордун активдүү катышуусу жана кеңири эл аралык кызматташуу болмоюнча мүмкүн эместигин айтты. Анын айтымында, бул иш Германиянын өз кызыкчылыктарына да жооп берет: «Биздин жалпы саясий тартип, Европадагы эркиндик, рыноктордун эркиндиги, экономикалык өсүш жана энергетикалык коопсуздугубуз үчүн».
2022-жылдын февралында Орусия Украинаны толук масштабда басып киргенден кийин, Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкы менен Улуттук жыргалчылык фондусуна каршы санкцияларды киргизип, G7 өлкөлөрүндө жайгашкан активдерин тоңдуруп коюшкан.
Орусиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын башында эл аралык резервдер төмөнкүлөрдү камтыган: 207 миллиард доллар евронун форматында, 67 миллиард доллар АКШ доллары менен, 37 миллиард фунт стерлинг, ошондой эле 64 миллиард доллар башка валюталарда — япон йенасы, канадалык жана австралиялык долларлар.
2024-жылы G7 өлкөлөрү Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешелерди Украинаны колдоого багыттоо тууралуу макулдашкан. Бул каражаттар 50 миллиард доллар көлөмүндөгү Киевге берилген кредитти тейлөөгө жана төлөөгө жумшалмакчы.
2025-жылдын мартында АКШ Сенатынын эки партиясынан чыккан сенаторлор Дональд Трамптын администрациясынан катуураак чараларды талап кылып, активдерден түшкөн кирешелерди эле эмес, толук тоңдурулган сумма — 300 миллиард доллардан ашуун каражатты да Украинага жардам катары пайдаланууну сунуш кылышты. Алар ошондой эле G7 боюнча союздаштарды ушундай эле кадамга барууга үндөштү.
Ал эми 2024-жылдын декабрында өткөн Европа Биримдигинин саммитинде Москва Украинага репарация төлөөгө расмий түрдө макул болмоюнча, Орусиянын активдерин токтотпойбуз деген чечим кабыл алынган болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.