Күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону кыргыздардын тоюна келип, конкурстан 100 доллар утуп алды
Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн учурдагы чемпиону, жапониялык Ёсиносукэ Аояги Кыргызстанда бир нече күнгө келди.
13-февралда ал Бишкекте өткөн SUPER 4 WRESTLING турниринде катышты. Мелдешке чейин Изабековдун күрө академиясынын базасында мастер-класс өткөрүп, андан соң Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мухаммад Абдулаевдин тоюна конок болуп барды.
Аояги «Супер реакция» аттракциону менен өткөн сынакка да катышты.
Дүйнө чемпиону бардык таякчаларды оңой эле кармап, 100 АКШ доллары өлчөмүндөгү байгени утуп алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


