Жаңы мэр Жанар Акаев президент менен сүйлөшкөнүн ачыктады
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, аны мэриянын аппаратына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды.
Акаев жаңы мэрлик кызматка отургандан кийин журналисттерге интервью берип, президент менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн ачыктады.
«Мэр катары бүгүн жумушумду баштап жатам. Мындан ары элге, журналисттерге, блогерлерге баарына ачык болобуз. Ачык-айрым иштешебиз. Жеткиликтүү болобуз. Өлкө жетекчилиги атайын ишеним көрсөтүп, кызматка сунуш бергенден кийин, дароо макул болдум.
Ош шаарында студенттик күндөрүм өткөн. Ош шаарын жакшы билем. Өлкө жетекчилигинин чечими ушундай болсо, мен барып колдон келишинче иштеп береин деп айттым. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Жеңишбек Токторбаев дагы күн-түн дебей иштеди. Ал киши баштаган долбоорлорду, иштердин баарын улантабыз. Кеткен кишинин артынан казып же жаман сүйлөгөн учурум жок. Жеңишбек Шермаматовичтин ири долбоорлорун улантабыз. Презинтибиз менен Ош шаарын өнүктүрүү боюнча кенен сүйлөштүм. Ишкерлерге болгон мамилени өзгөртүү керектигин, таза иште деп айттым. Ар кандай уруулуктан алыс болуп таза иштегенге тапшырма койду. Шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылабыз. Дагы бир канча долбоорлорубуз болот. Муну эми шаардык кеңеш менен сүйлөшөбүз»,- деди Жанар Акаев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


