Адилет Шаршеналы уулу Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматынан кетти

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Адилет Шаршеналы уулу кызматтан кетти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Адилет Шаршеналы уулу 2026-жылдын 18-февралында өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.

Адилет Шаршеналы уулу 2025-жылдын 4-апрелинде Ош шаарынын мурунку мэри Женишбек Токторбаевдин буйругу менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган.

Ага чейин Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Мындан тышкары ал Борбордук шайлоо комиссиясынын кадрлар бөлүмүндө адис, жетектөөчү адис, эксперт жана бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.

2022-жылдан 2025-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп эмгектенип, кийин Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин биринчи вице-мэр болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз