Айсулуу Тыныбекова уул төрөдү
Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова 1-март күнү социалдык тармактар аркылуу кубанычтуу жаңылыгын бөлүшүп, эне болгонун билдирди.
«Эми биз үчөө болдук», — деп жазып, куттуктагандардын баарына ыраазычылык айтты. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, спортчулардын үй-бүлөсүндө уул бала жарык дүйнөгө келген.
Айсулуу Тыныбекова 2025-жылдын январь айында турмушка чыккан. Анын жолдошу — Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылынан чыккан балбан Бакберген Абдымиталипов.
2025-жылдын октябрь айында United World Wrestling (UWW) уюмунун версиясы боюнча Тыныбекова дүйнөлүк рейтингден чыгарылган.
Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль (3-орун) жеңип алгандан кийин, Тыныбекова спорттук карьерасын убактылуу токтото турганын билдирген. Андан соң ал Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланып, жакында эле UWW уюмунун Спортчулар комиссиясынын мүчөсү болгон.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 62 кг салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде 3-орунда турган. Апрель айында өткөн Азия чемпионатынан кийин 5-орунга түшкөн.
Июнь айында 7-орунда болуп, Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатынан кийин рейтингдик тизмеден толугу менен чыгарылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


