Эр-Рияддагы АКШнын элчилигинде учкучсуз учактын чабуулу себептүү өрт чыкты

Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги билдиргендей, эки учкучсуз учуучу аппарат (дрон) Эр-Рияд шаарындагы АКШнын элчилигинин имаратына сокку урду. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында өрт чыкты.

3-февралга караган түнү Эр-Рияддын дипломатиялык кварталында бир нече жолу жарылуунун үндөрү угулган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Тегеран Жакынкы Чыгыштагы «америкалык саясий борборлорду» жок кылуу аракетин баштаганын билдирген.

Fox News телеканалынын маалыматына ылайык, дрондор сокку урган учурда АКШнын элчилигинде адамдар болгон эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Рияддагы америкалык элчиликке жасалган дрон чабуулунан кийин NewsNation телеканалына берген маегинде: «Жообу кандай болорун жакында билесиңер», — деп билдирген.

«Биз аларга чоң зыян келтирип жатабыз. Биз аларга өтө олуттуу сокку уруп жатабыз», — деген Трамп.

Ал Вашингтон өз максатына «абдан жакындап калды» деген ишенимин билдирген. Иранды азыр ким көзөмөлдөп жатат деген суроого Ак үйдүн башчысы: «Муну да жакында билесиңер», — деп жооп берген.

АКШнын объектилерине же аймагына жасалган кол салуулар тууралуу Трамп: «Бул — согуштун бир бөлүгү. Элдерге жакса да, жакпаса да, бул согуштун бир бөлүгү», — деп жыйынтыктаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз