"Желе" операциясы: Украина Орусиянын аэродромдоруна чабуул жасады
Украина орусиялык аскердик аэродромдорго дрондор менен сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык чабуул фактысын тастыктап, "бир нече авиациялык техникалар күйгөнүн" билдирди, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, дрондор менен чабуулдар беш облусундагы аскердик аэродромдорго багытталган — Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязань жана Амур облустары.
Коргоо министрлиги бул чабуулдарды «Киев режими жасаган террордук акт» деп атады.
Мекеменин маалыматына караганда, Иваново, Рязань жана Амур облустарындагы аскердик аэродромдорго болгон чабуулдар толук кайтарылган.
Иркутск жана Мурманск облустарындагы аскердик аэродромдордо FPV-дрондордун чабуулунан кийин бир нече авиациялык техника күйүп кеткен. Бирок канча учак жабыркаганы так айтылган жок.
«Өрт өчүрүлдү. Аскер кызматкерлери жана жарандык персонал арасында жабыркагандар жок», — деп билдирди Коргоо министрлиги жана кошумчалагандай, чабуулга катышкан айрым адамдар кармалган.
«Дрондор учурулган булак буга чейин эле блоктолду. Бул – жүк ташуучу унаа болгон», — деп жазды Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев. Ал ошондой эле бул дрон чабуулу Сибирде биринчи жолу болгонун кошумчалады.
Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, дрондор менен жүргүзүлгөн чабуулдарда Орусиянын аба базаларындагы канаттуу ракеталарды алып жүрүүчү стратегиялық учактардын 34 пайызы жок кылынган.
«7 миллиард АКШ доллары – бул бүгүн СБУнун “Жөргөмүш тору” атайын операциясынын натыйжасында жок кылынган душмандын стратегиялык авиациясынын болжолдуу баасы», — деп жазылган СБУнун Телеграм-каналындагы билдирүүдө.
Айрым маалыматтарга ылайык, дрондор Орусиянын өз аймагынан учурулган — алар жүк унааларынан учуп чыккан. СБУнун бир булагы кабарлагандай, чабуулга кабылган авиабазалар: «Оленья» (Мурманск облусу), «Белая» (Иркутск облусу), «Иваново» (Иваново облусу) жана «Дягилево» (Рязань облусу).
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Орусиянын стратегиялык авиациясы жайгашкан аэродромдорго чабуул койгонун расмий түрдө ырастады. Бул тууралуу ал кечки кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, операцияны даярдоо борбору Орусиянын аймагында жайгашкан.
«Операциянын штабы Орусиянын бир облусунда, түз эле ФСБ башкармалыгынын жанында жайгашкан болчу», — деди президент.
Зеленскийдин маалыматына ылайык, операцияга жалпы 117 дрон катышкан жана алар операторлор тарабынан башкарылган. Натыйжада, Москва 40тан ашык стратегиялык авиациялык техникасын жоготкон.
Ошондой эле Зеленский Орусиянын учактарына болгон соккулардан кийин «аба коопсуздугу боюнча сигналдарды эч качан көз жаздымда калтырбоого» чакырды.
«Бул операция баштала электе эле бизде Орусиянын массалык соккусуна даярдык көрүп жатканы тууралуу чалгын маалыматтары болгон. Бул биздин эл үчүн абдан маанилүү – аба коопсуздугу сигналдарына көңүл бурбай коюуга болбойт.
Бүгүн түнү 500дөн ашуун орусиялык сокку дрону учурган. Алар апта сайын сокку куралын көбөйтүп жатышат. Эми алар деңиздеги платформалардан «Калибр» ракеталарын даярдашты», — деп кошумчалады президент.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.