Унаасын жашыл аймакка токтотуп, муниципалдык инспкециясынын кызматкерин унаасы менен сүйрөп кеткен жаран кармалды
Бишкек шаарында 27-февралда саат болжол менен 17:00 чамасында Фрунзе менен Коёнкозов көчөлөрүнүн кесилишинде Муниципалдык инспекциянын кызматкери Н.К.С. атуу жаран тарабынан жол берилген мыйзам бузуу фактысын аныктаган. 08KG166ALF мамлекеттик номерлүү автоунаа жашыл аймакка токтотулган.
Муниципалдык инспекциянын маалыматына ылайык, мыйзам бузуу аныкталгандан кийин жаран документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, укук бузууну моюнга алган эмес.
«Андан ары ал инспектордун талаптарын этибарга албай, жөө адамдар өтүүчү тротуар менен кетүүгө аракет кылган. Инспектор унаанын алдына туруп, тартип бузган айдоочуну токтотууга аракеттенген. Бирок айдоочу кыймылын улантып, кызматкерди сүзүп кетип, аны унаасы менен сүйрөп кеткен», — деп билдиришти инспекциядан.
Бул окуя тууралуу Муниципалдык инспекциянын нөөмөт бөлүмүнө маалымат берилген. Окуя болгон жерге ички коопсуздук кызматынын тобу барып, андан соң милиция кызматкерлери чакырылган.
Жаран милиция тарабынан кармалып, Биринчи Май районунун ГОМ-5 бөлүмүнө жеткирилген. Материалдар укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, аталган факт боюнча 1970-жылы туулган жаран К.Н.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


