Ош: депутат "Алай" клубунун каржысын текшерүүнү тапшырды
Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда.
Күн тартибине 9 маселе коюлган.
Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.
"Бир бол" фракциясынан депутат Бексултан Үсөнов "Алай" футбол клубунун директоруна кайрылды.
"2018-жылы 18 млн бюджетиңер бар экен, быйыл бюджетиңер 150 млн сом деп көрсөтүлүп жатат. Клубдун натыйжасы кандай?", - деп суроо салды.
Аталган клубдан директору Мирлан Бакиров 2024-жылы клуб 4-орунду, 2025-жылы 5-орунду алганын айтты.
Эл өкүлү клубдун бюджети боюнча текшерүү иштери жүрүшү керектигин айтып, клубдун бюджетин бокс мектебинин бюджети менен салыштырды.
" Бокс мектебине жылына 5 млн сом акча берилет. Бирок бир боксчу Олимпиадада күмүш медаль алды. Ошондуктан "Алай" клубунун бюджетин текшериш керек", - деди ал.
Биринчи вице-мэр бул маселе тармактык комитетте каралганын, маселеге көңүл буруларын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


