Трамп: АКШнын Иранга каршы операциясын токтотуу чечимин Израил менен бирге кабыл алабыз
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан операцияны токтотуу тууралуу чечим Биньямин Нетаньяху менен бирге кабыл алынарын билдирди.
«Менимче, бул эки тараптын биргелешкен чечими болот… Биз бул тууралуу сүйлөшкөнбүз. Мен керектүү учурда чечим кабыл алам, бирок бардык жагдайлар эске алынат», — деди Трамп The Times of Israel басылмасына берген маегинде.
«АКШ соккуларын токтотууну чечкенден кийин да Израиль Иранга каршы согушту улантышы мүмкүнбү?» деген суроого Трамп мындай мүмкүнчүлүктү карап жатпаганын айтты.
АКШ президенти кошумчалагандай, эгер ал жана Нетаньяху операцияны баштабаганда, Иран Израилди жок кылмак.
«Иран Израилди жана анын айланасындагы бардык нерсени жок кылууну көздөп жаткан… Биз бирге иштедик. Израилди жок кылууну каалаган өлкөнү жок кылдык», — деп кошумчалады ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


