Даниэль Ажиев 2 айга тергөө абагына камалды

7-мартта Токмок шаардык соту Даниэль Ажиевди камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 9-мартта Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал эки айга №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилди.

Даниэль Ажиев 6-март күнү күндүз кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо») боюнча шектелүүдө.

2024-жылы Даниэль Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Аны Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп тапкан. Ал төмөнкү беренелер боюнча айыпталган:
    •    160-берене, 1-бөлүк — притон уюштуруу же кармоо, ошондой эле бузукулук үчүн ортомчулук кылуу же сутенерлик;
    •    161-берене — порнографиялык мүнөздөгү материалдарды таратуу;
    •    261-берене, 1-бөлүк — уюшкан топ түзүү же ага катышуу;
    •    215-берене, 3-бөлүк — алдоо же ишенимден кыянат пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү.

Сот өкүмү менен ал 9 жылга жалпы режимдеги түзөтүү колониясына кесилген. Мындан тышкары, 2 жылга чейин ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, 220 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

2026-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров аны мунапыс (помилование) менен бошоткон. Ажиев 17-февралда эркиндикке чыккан.

Кийин мамлекет башчысы анын түрмөдөн чыгышы тууралуу комментарий берген. Президенттин айтымында, Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп чыккан. Бирок 15 мүнөттөн кийин тик учак артка бурулуп, кайра учкан жерине конгон. Андан кийин Ажиев унаа менен кетип калган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз