Аскер прокуратурасы мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго пара алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Аскердик прокуратура Өзгөчө кырдаалдар министринин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата пара алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты «Сводка АКИpress» редакциясына Аскердик прокуратура ырастаган.

«Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп кошумчалашты Аскердик прокуратурада.

10-мартта Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы кызматынан бошотулган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун айтымында, министрдин кызматтан алынышына анын мурда министрдин орун басары болуп турган учурда пара алды деген шек себеп болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз