Бишкекте журналист массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып кармалды
Массалык баш аламандыкка чакырык жасоого шектелип журналист кармалды. Бул тууралуу 11-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү Facebook социалдык тармагын мониторинг кылуу учурунда «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт аныкталган. Аталган колдонуучу мамлекеттик органдарды жана мамлекеттик түзүмдөрдү сындаган материалдарды жарыялап турган. ИИМдин маалыматына караганда, бул жарыялар «бийликти дискредитациялоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган».
«Мындан тышкары, бул аккаунттун айрым жарыяларынын алдындагы комментарийлерде коомдук абалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыкка алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жайгаштырылган», — деп эсептейт ИИМ.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык баш аламандыкка чакырык») боюнча кылмыш ишин козгоду.
Милиция жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аталган аккаунттун ээсин аныкташкан. Ал 1976-жылы туулган А.А. аттуу журналист экени маалым болду.
Социалдык тармактарда кармалган адам журналист Алтынай Арстанбекова экени айтылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



