УКМК экс-депутатты жер схемасына шектелип кармалды
Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 10-март күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К., 1980-жылы туулган жаранга карата кылмыш ишин козгоду.
Тергөө маалыматына ылайык, ал жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө. Бул иштерде ага тиешеси бар жеке жана юридикалык жактар пайдаланылганы айтылат.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.К.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Кармалган адам — Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич. Ал 10-март күнү Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


