Эл аралык энергетика агенттиги рынокко нефтинин бардык запастарынын үчтөн бирин чыгарат

Эл аралык энергетикалык агенттик тарыхындагы эң ири көлөмдөгү мамлекеттик мунай запасын — 400 миллион баррелди, башкача айтканда жалпы запастын үчтөн бирин рынокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 11-мартта The Guardian басылмасы жазды.

Дүйнөлүк энергетика тармагын жөнгө салуучу уюм билдиргендей, анын курамындагы 32 өлкө бул көлөмдөгү мунайды өзгөчө кырдаал үчүн сакталган запастардан чыгарууга бир добуштан макул болушкан.

Агенттик мындай кадамды мунай рыногундагы соккуну жумшартуу үчүн жасап жатат. Бул кырдаал АКШ менен Израилдин Иран менен болгон согушунан жана дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн төрттөн бири өткөн Ормуз кысыгы иш жүзүндө жабылып калганынан улам пайда болду.

Буга чейин Жапониянын бийлиги 18-марттан тарта мамлекеттик жана жеке мунай резервдеринен рынокко болжол менен 80 миллион баррель мунай чыгарарын билдирген. Ал эми Германия Эл аралык энергетикалык агенттик менен макулдашылган программа алкагында 19,51 миллион баррель чийки мунайды резервден чыгарарын жарыялаган.

G7 өлкөлөрүнүн энергетика министрлери да стратегиялык мунай запастарын колдонуу принципиалдуу түрдө колдоого алынарын билдиришкен.

АКШ өзүнүн стратегиялык мунай резервинен 172 миллион баррель мунай бөлүп чыгарат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Крис Райт билдирди.

Анын айтымында, Дональд Трамп Энергетика министрлигине стратегиялык мунай резервинен 172 миллион баррелди чыгарууга уруксат берген. Бул тууралуу министрлик X социалдык тармагындагы баракчасында маалымдаган. Мунай жеткирүүлөрү кийинки аптада башталып, болжол менен 120 күнгө созулат.

Министр белгилегендей, кийинки бир жыл ичинде 200 миллион баррелге жакын мунай сатып алуу пландалууда. Бул чыгарылган көлөмдөн 20% көбүрөөк.

Мындан мурун Эл аралык энергетикалык агенттик мындай өзгөчө чараны 2022-жылы Орусия Украинага каршы аскердик аракеттерди баштагандан кийин колдонгон. Анда рынокко 182 миллион баррель мунай чыгарылган.

Учурда Ормуз кысыгы аркылуу соода жүргүзүү бөгөттөлгөндүктөн, дүйнөлүк рынок күн сайын болжол менен 15 миллион баррель мунайдан кол жууп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз