Ливан жана Израил бири-бирине сокку урду

Израилдин түндүк жана борбордук бөлүгүндөгү шаарлар 11-март, бейшемби күнү кечинде Ливандын радикалдуу шиит кыймылы — "Хезболла" тарабынан массалык ракеталык чабуулга дуушар болду. Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) өзүнүн расмий Telegram-каналында болжол менен 150 ракета атылганын жана алардын көбү тосуп алынганын билдирди.

Ракеталык аткылоо болжол менен саат 20:00дөр чамасында башталган. Израилдин түндүк жана борбордук аймактарында абадан коргонуу коңгуроосу жаңырды. Хайфа шаарында да сиреналар жаңырып, аймакка учкучсуз аппараттар (дрондор) учурулганын эскерткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулдан кеминде эки адам жаракат алган.

Өз кезегинде "Хезболла" билдирүү таратып, чабуулдун максаты - Израилдин аскердик объектилери жана Ливан менен чек арадан беш чакырым аралыктагы конуштар болгонун билдирди. Топтун билдирүүсүндө ошол конуштардын тургундары эвакуацияланышы керектиги айтылган.

"Хезболла" тарабынан Израилге жасалган бул ракеталык чабуул Израил менен АКШнын Иранга каршы баштаган согушу башталгандан бери эң ири чабуул болуп калды. Бул кагылышууда ливандык топ Тегеранды колдогон.

Чабуулдан көп өтпөй Израилдин коргонуу армиясы Ливандын борбору Бейрут шаарындагы "Хезболлага" таандык объектилерге абадан сокку урганын билдирди. Анын ичинде топтун негизги таяныч аймагы болуп эсептелген Дахия району да бар. Израил аскерлеринин маалыматына караганда, чабуул учурунда шиит кыймылынын 10 штабы, ошондой эле ракеталарды учурууга даяр турган учуруу жайлары жок кылынган.

Жергиликтүү тургундар шаардагы бир нече объектилерден жарылуулар болуп, түтүн көтөрүлгөнүн көрсөткөн видеолорду интернетке жарыялашкан.

Көп өтпөй Ливан тараптан болгон чабуулдан кийин Израилге Иран тарабынан баллистикалык ракеталар да атылганын Израилдин коргонуу армиясы билдирди. Израилдин аскердик мекемесинин маалыматы боюнча, алардын бардыгы абадан коргонуу системалары тарабынан тосуп алынган.

Ушул учурда Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Израилге эки өлкөнүн аймагынан жасалган аткылоо «биргелешкен жана интеграцияланган операция» болгонун билдирди. Бирок Израилдин коргонуу армиясы бул маалыматты тастыктаган жок.

Кийинчерээк, 12-мартка караган түнү Израил кайрадан Ливан тараптан чабуулга дуушар болуп, бул жолу алыс аралыкка учуучу ракеталар колдонулган. Сиреналар Тель-Авив шаарында жана анын айланасында да жаңырган. Ошол эле учурда Иран Израилдин борбордук бөлүгүнө дагы бир баллистикалык ракета учурган. Буга жооп катары Израилдин коргонуу армиясы Тегеран шаарындагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тиешелүү объектилерге жооп иретинде сокку урганын билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз