Кытай визасыз режимди биринчилерден болуп Кыргызстан киргизишин каалайт, кыргыз тарап буга макул эмес, -ТИМ
Кытай Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн визасыз режимди биринчи болуп Кыргызстан киргизишин каалап жатат, бирок кыргыз тарап буга макул эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда визасыз режим сыноо тартибинде Гонконг жана Макао атайын административдик аймактарынын жарандарына гана колдонулат. Ал эми Кытайдын башка жарандары Кыргызстанга виза менен келишет.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коңшу өлкөлөрдөгүдөй визасыз режим киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, Имангазиев бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айтты.
Анын маалыматына ылайык, Кытай буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен визасыз режим киргизген.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстан да ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок биздин талап — визасыз режим эки тарап үчүн тең бир убакта, тең укуктуу негизде киргизилиши керек. Ал эми кытай тарап бул режимди биринчи болуп Кыргызстан киргизсин деп талап кылууда. Биз буга макул эмеспиз», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


