Гүлбара Ишенапысова саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Гүлбара Ишенапысова саламаттык сактоо министринин орун басары — башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

13-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.

Гүлбара Ишенапысова буга чейин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору болуп иштеп келген.

Ал Рыспек Сыдыгалиевдин ордуна дайындалды. Сыдыгалиевди Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз