УКМК системалык түрдө акча талап кылууга шектелген жактоочуну кармады
Сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу иш-чараларынын алкагында мурда аскердик судья кызматын аркалаган адвокат кармалганын 13-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн версиясына ылайык, А.К.А. аттуу жаран өзүнүн статусун жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча сот чечимдерин оң тарапка чыгарып берүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурган.
Маалыматка караганда, алгачкы этапта шектүү жабырлануучу тараптан 25 миң АКШ долларын алган. Андан кийин ал дагы 7 миң доллар талап кылып, эгер акча берилбесе өзүнүн административдик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, сот чечимин каршылаш тараптын пайдасына кайра каратып берерин айтып коркуткан.
Адвокат 437 500 сом (5 миң доллар) өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды.
Кармалган жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


