Агартуу министрлиги STEM сабактарын окуткан мугалимдердин гана айлыгы көтөрүлөт деген маалыматты четке какты
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги STEM сабактарын окуткан мугалимдердин гана айлыгы жогорулап, ал эми тарых, кыргыз тили жана география мугалимдеринин эмгек акысы көтөрүлбөйт деген маалыматты четке какты.
Министрлик ошондой эле бул сабактар боюнча сааттар кыскартылат деген маалымат да чындыкка дал келбесин белгиледи.
2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы 100% га жогорулатылат.
Министрликтин маалыматына караганда, мамлекет башчысынын бул чечими мугалимдердин статусун көтөрүүгө жана өлкөнүн өнүгүүсүндө педагогдордун негизги ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик чара болуп саналат.
Ошондой эле айлык акыны жогорулатуу кайсы сабакты окутканына карабастан бардык мугалимдерге тең колдонулары белгиленди.
«Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо аркылуу мамлекет үчүн стратегиялык маанилүү миссияны аткарат деген принципти карманат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



